Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешти шайлоого карата коомдук коопсуздукту камсыздоого даяр.
Аны менен катар шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо учурунда коомдук тартипти камсыздоо боюнча
иш-чаралардын комплекстүү мерчеми иштелип чыкты. Ведомстводон эскертишкендей, жарандар
соцтармак жана мессенджерлердеги чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болушу керек.
Мындай фактыга күбө болгондор ички иштер органдарына -102 номуру аркылуу билдирип койсо болот.
Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү
таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат.