Илон Маск  АКШнын тарыхындагы эң чоң салыкты төлөшү мүмкүн

Tesla жана SpaceX`тин негиздөөчүсү Илон Маск  АКШнын тарыхындагы эң чоң салыкты төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Салыктын суммасы 10 миллиард доллардан ашат.

 

Маск буга чейин салыктарды жабуу үчүн 15 миллион долларга жакын опционду ишке ашырып, 11 миллион доллардык акциясын саткан. Бирок 10 миллиард долларлык салык ишкердин капчыгына катуу тийбейт.

 

Быйыл эле ал дээрлик 98 миллиард долларга байып, байлыгын 253 миллиард долларга көбөйткөн.