Үйдүн жанында өскөн бак-дарактар депрессияны азайтууга жардам берет

Үйдүн жанында өскөн бак-дарактар депрессияны азайтууга жардам берет. Мындай тыянакка немис окумуштуулары келди.

 

Алар Лейпциг шаарынын 10 миң тургунуна изилдөө жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында үйүн бактар курчап тургандар депрессиядан арылуу үчүн  атайын дары ичпейт жана өздөрүн жакшы сезет.

 

Шаарды жашылдандыруу адамдардын психологиялык ден-соолугуна түздөн түз таасирин тийгизет, — дешет окумуштуулар.