Google сервиси каалаган музыканы ырдап же ышкырып тапканга мүмкүнчүлүк түздү

Google сервиси каалаган музыканы ырдап же ышкырып тапканга мүмкүнчүлүк түздү. Жаңы функция “Hum to search”, кыргызчага которгондо “Издеш үчүн ырда” деп аталат.

 

Ырды издеш үчүн колдонуучу микрофонду басып, ырдын аталышын айтыш керек. Же болбосо “ыр тандоо” кнопкасын басуу зарыл. Жаңы функция iOS жана Android колдонуучулары үчүн 20 тилде жеткиликтүү болот. Анын ичинде орус тили дагы бар.