Швейцария дүйнөдөгү эң кичинекей алтын тыйындарды чыгарды

Швейцария дүйнөдөгү эң кичинекей алтын тыйындарды чыгарды. Аларда белгилүү физика окумуштуусу Альберт Эйнштейн чагылдырылган. Белгилүү болгондой, жалпысынан 999 тыйын жарык көрдү.

 

Анын ар биринин диаметри болгону 3 миллиметрге барабар. Кызыгы, ар бир тыйын менен кошо топтомдо аны чоңойтуп көрүүгө мүмкүн болгон айнек дагы сатылат. Дал ошол лупанын жардамы менен гана тыйындагы бардык элементтерди жана тилин көрсөтүп турган Эйнштейнди көрсө болот.