Чехияда жөө жүрүүчүлөр үчүн дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө пайда болду

Чехияда жөө жүрүүчүлөр үчүн дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө пайда болду. Өтмөктүн жалпы узундугу – 721 метр. Көпүрө деңиз деңгээлинен 1 миң 125 метр бийиктикте жайгашат. Каттамдын акыркы бөлүгүндө дагы 10 метрге бийигирээк болот.

 

Рекорддук узун көпүрөгө жетүү үчүн канат жолчосу курулган. Расмий түрдө конструкция жаңырган жылдын жазында ачылат.