Ханзаада Гарри жана Меган Маркл уулунан кийин кыздуу болушту.
Ага ата-энеси Лилибет деген ысым ыйгарышты. Ал АКШнын Санта-Барбара
шаарында жарык дүйнөгө келди. Ымыркайдын ысымы ханзааданын Диана
апасынын элесине арналып коюлду. Аны кичинекей кезинде “Лили” деп эркелетишкен.
Кошумчаласак, Гарри жана жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым
укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялап, АКШга көчүп кетишкен.
Бирок алар Сассекс герцогу жана герцогинясы титулдарын сактап калышкан.