Ирандан үч кыргызстандыкты алып келишти

Кыргызстандык үч жаран Ирандан Алмата шаарына учак менен жеткирилип, андан соң автоунаа менен Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Алар Ирандын Kish Airlines компаниясынын лайнери менен келген.

 

«Алар келип түшөрү менен обсервацияга жаткырылып, тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт», — деп айтылган маалыматта.

Чет мамлекеттеги кыргызстандыктарды алып келүү уланууда. Кечээ, 7-июнда, «Сибирь» авиакомпаниясынын «Новосибирск — Ош» каттамы боюнча учкан 204 кыргызстандык жаран Ошко конгон.