Былтыр жазында кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгондордун үй-бүлөрү турак жайлуу болушту.
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин айтымында, үйлөр маркумдардын жакындарына тегиз бөлүштүрүлүп берилди.
Кичи шаарчага 2021-жылы аскердик кагылышууда каза болгон кичинекей кыз Мадинанын ысымы берилди.
Үйлөрдүн курулушуна Баткен мэриясы тарабынан 5 гектар жер бөлүнгөн.
Жалпысынан 36 үй курулду.
Мындан тышкары, “Мадина” кичи шаарчасында жашаган жашы жете элек балдарга мамлекет тарабынан жөлөк пул төлөнүп жатканы белгилүү болду.