Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат

Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында,

Кыргызстан спортчуларында жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алуу планы бар.

Белгилеп кетсек, аталган оюндарга биздин өлкөнүн спортчулары, Айсулуу Тыныбекова,

Денис Петрашов, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Атабек Азизбековдо жолдомо бар.