Италияда дүйнөдөгү эң чоң балатынын оту жанды

Италияда дүйнөдөгү эң чоң балатынын оту жанды. Бийиктиги 750 метр жана кеңдиги 450 метрге жеткен балатынын сөлөкөтү Индижино тоосунун бетине түшүрүлдү. Анын чокусун салттуу түрдө ири жылдыз кооздоп турат.

 

Инсталляцияны түзүүгө 1 миң 300 саат талап кылынды. Балатыны атайын кызматтын өкүлдөрү сентябрдан тарта эле орнотуп баштаган.