Футбол боюнча чемпиондор лигасынын финалчылары аныкталды. УЕФА билдиргендей, “Боруссия” ПСЖны минималдык 1:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Ал эми “Бавария” – “Реал” беттешинде жеңиш испаниялык футболчулардын тарабында болду. Муну менен чемпиондор лигасынын финалында 1-июнда “Реал” менен “Боруссия” топ талашат. Оюн “Уэмбли” аренасында өтөт.