Коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасири эки айдан кийин билинет

Коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасири эки айдан кийин билинет.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, азырынча эпидемиянын экономикага тийгизген таасири

тууралуу айтуу кыйын. Мурда Кытайдан ташылып келген товарларды

башка өлкөлөрдөн импорттоого алмаштыруу жүрүп жатат. Мисалы,

буга чейин Кытайдан келген кездемелер азыр Түркиядан алынууда.

Абдыгулов белгилегендей, өлкөдө запастар жетиштүү деңгээлде.