Жаңы жылдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына
болгон төлөмдөрү арзандайт. Президент Садыр Жапаров коопсуздук
кеңешинин жыйынында билдиргендей, 2022-жылдын 1-январынан баштап
аталган категориядагы жарандар электр энергиясы үчүн 77 тыйындын ордуна
50 тыйындан төлөп калат. Калган 27 тыйын бюджеттин эсебинен жабылат.
Муну менен 110 миңден ашык үй-бүлөгө жеңилдик берилет.