Эңилчек айылындагы мектеп күйүп кетти

Ак-Суу районунун сырт аймагындагы Эңилчек айылындагы мектептин чатырынан 3-мартта эртең мененки саат 9да өрт чыгып, мектеп дээрлик күйүп кетти.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрт учурунда имаратта адамдар жана окуучулар болгон эмес.

 

Мектепте 23 окуучу билим алат. Имарат 1980-жылы кыштан курулуп, анын ичинде төрт класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана жыйындар залы бар болчу.

Учурда жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары өрттүн келип чыгуу себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

 

«Окууну үзгүлтүккө учуратпоо максатында мындан ары балдар айыл өкмөттүн имаратында убактылуу билим алышат», — деп маалымдашты облустук бийлик өкүлдөрү.