Чүйдө нөшөрлөгөн жаандан кийин үйлөрдүн короосун жана жолдорду суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында арыктардан ашкан суу 30 үйдүн короосун жана жолдорду каптады.
Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында арыктан ашкан суу жолду каптаган. Жабыркагандар катталган жок. Куткаруучулар тазалоо иштерин түнү менен жүргүзүп, аякташты.