Панфилов районунда аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Күн мурун Панфилов районунда аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу райондук админисрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы «Ихсан-Хария» фонду тарабынан каржыланган.

 

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы райондун аярлуу катмарына кирген жарандарга көрсөткөн жардам үчүн «Ихсан-Хария» кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылыгын билдирет.