Баткенде жаандан кийин суу ташкындап, күрүч эгилген талааны жууп кетти

Баткенде жаандан кийин суу ташкындап, күрүч эгилген талааны жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында кечээ кечинде нөшөрлөгөн жаан жааган.

 

Жаркыштак айылында арыктагы суу ашып, 50 сотых күрүч талаасын каптады. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы райондорунда да 11-12-майдагы жаандын кесепетин жоюу иштери уланууда.