Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери алтынды экспорттоо 2,7 пайызга азайды

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери алтынды экспорттоо 2,7 пайызга азайды.

Мындай маалыматтар менен улуттук статистика комитети бөлүштү. Ведомство

адистеринин отчетуна ылайык, экспорттук жеткирүүлөр январдан июлга чейин

973,5 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле

мезгилине салыштырмалуу 16,5 пайызга аз. Эске салсак, буга чейин белгилүү

болгондой, лондондук кымбат баалуу металлдар ассоциациясы рыногунун

катышуучулары (LBMA) “Кыргызалтынды” ишенимдүү

жеткирүүчүлөр тизмесинен убактылуу чыгарган.