Эмгек министрлиги суроо-талапка ээ болгон кесиптерге акысыз окутту

Эмгек министрлиги суроо-талапка ээ болгон кесиптерге акысыз окутту. Ведомство маалыматына ылайык, ушул жылдын беш айында иш менен камсыз кылуунун аймактык кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 2 миң 700 адам жөнөтүлгөн.

 

Жумушсуз жарандарды окутуу эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү.

 

Алар: компьютер оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак боё чебери, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, слесарь-сантехник.