Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жумушсуздук боюнча 300 сомдук пособиени 900 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жумушсуздук боюнча 300 сомдук пособиени 900 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Бирок 1-июлдан ушул жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт аралыгында гана.

 

Ведомстводон билдиришкендей, өзгөртүүлөргө ылайык, 38,5 миң жаранга колдоо көрсөтсө болот. Алар социалдык фондко төлөмдөрдү жүргүзүп, бирок пандемия учурунда жумушсуз калган жарандар.