Алай районунда муктаж үй-бүлөлөр үчүн турак-жайлар курулууда

Алай районунда муктаж үй-бүлөлөр үчүн турак-жайлар курулууда. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине социалдык өнүгүүнүн район бөлүмүнүн башчысы Абдимитал Салиев билдирди.

 

Анын айтымында, долбоорду араб инвесторлору каржылап жатат. Жалпысынан, ар бири 4 батирден турган 16 үй курулууда. Аларды бөлүштүрүүдө артыкчылык жалгыз бой жана көп балалуу энелерге берилет.