“Ак-Жол унаа жолу” өткөрүү түйүнүн кайра калыбына келтирүү иштери   25-декабрга чейин жыйынтыкталат

“Ак-Жол унаа жолу” өткөрүү түйүнүн кайра калыбына келтирүү иштери   25-декабрга чейин жыйынтыкталат.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, курулуш материалдарын өндүрүүчү заводдун иши токтотулгандыктан, аткаруучу компания иштерди өз маалында бүтүрө алган жок. Андыктан, түйүндү оңдоо графигине өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Объектти өз убагында колдонууга берүү үчүн, жумуш сааттарын узартуу чечими кабыл алынды. Ага катар иштер казак тарапта дагы аткарылышы кажет. Андан кийин өткөрүү түйүн ачылып, жарандарды өткөрүү кадимки форматта жүргүзүлө баштайт.