Улуттук банктын резерви 12,4 миллион долларга кыскарды

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резерви май айында 12,4 миллион долларга кыскарды.
Улуттук банктын алтын валюталык резервинин көлөмү боюнча маалыматтары:

Апрель айынын соңуна карата — 2 миллиард 599,7 миллион доллар;

Май айынын соңуна карата — 2 миллиард 587,3 миллион.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, өткөн жылы башкы банк валюта рыногунан 26 миллион 550 миң доллар сатып алган, бирок кайра саткан эмес.
Резервдин кыскарышынын себеби айтылган жок.
Улуттук банктын тарыхында резервдер 3 миллиард долларлык чектен үч ирет ашкан: 2020-жылдын август айынын соңунда, өткөн жылдын сентябрь жана октябрь айларында.
Улуттук банк сомдун курсун колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул максатта алтын валюталык запас колдонулат. Резервдер валютанын ондогон түрүнөн жана алтындан турат.