Бир жумада Бишкекте мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу кармалды

Бир жумада Бишкекте мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу кармалды. Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 26-ноябрдан 2-декабрга чейин          6 миң 876 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды.

 

362 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Эске салсак, мас абалында унаа айдагандар 17 миң 500 сом айыпка жыгылат же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат.