Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравиядан кайтып келишти

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравиядан кайтып келишти.

24.kg агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн эртең менен 406 кыргызстандык Мекке жана Мединага ажылык сапарга барып кайтышты. Кийинки топ мекенге 27-июлга чейин келет.

Эске салсак, быйыл кыргызстандык зыяратчыларга 2 миң 766 орун бөлүнгөн.

Ажылык сапардын баасы 4,5 миң долларды түздү.