Бишкекте 13-январдан тарта дагы эки көчө бир тараптуу болот

Бишкекте 13-январдан тарта дагы эки көчө бир тараптуу болот. Кеп Раззаков жана Орозбеков көчөлөрү тууралуу болуп жатат. Раззаков көчөсүнүн Киев – Москва тилкесинде түштүктү карай, ал эми Орозбековдун аталган бөлүгүндө түндүктү көздөй гана жүрүүгө мүмкүн болот.

 

Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулуп жатат. Айдоочуларга көңүл бөлүү сунушталат.

 

Белгилеп кетсек, жалпысынан Бишкектин   8 көчөсүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулду.