Мальта Республикасы өлкөдө 3 күн эс алган ар бир туристке сый акы берүүгө даяр

Европанын Мальта Республикасы туризм тармагын жандандыруу үчүн өлкөдө

3 күн эс алган ар бир чет өлкөлүккө сый акы берүүгө даяр. Туризм министри Клейтон Бартолонун айтымында,

Мальта 1-июндан тарта коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн көбүн токтотуп, жай айларына

мейманканалардан орун алган туристтерге акча төлөп баштайт. Тагыраагы, беш жылдыздуу мейманканадан

орун алган туристке 200 евро төлөнсө, төрт жылдыздуу конок үйүнө токтогондор 150 евро алышат.

Ал эми үч жылдыздуу мейканкага жайгашкандар 100 еврого ээ болушат.