Өзгөчө абал кирген аймактардагы посттордон өтүү үчүн уруксат документтери онлайн бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Ал белгилегендей, бул боюнча суроо 1-2 күндүн ичинде чечилет. Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары азык-түлүк, дары-дармек ташыган ишкерлер уруксат документин ала албай жатканын жазып чыгышкан.