Кайталанып эреже бузган коомдук тамактануу жайларына кылмыш иши козголот

Кайталанып эреже бузган коомдук тамактануу жайларына кылмыш иши козголот.

Мэриядан билдиришкендей, көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча буйрук чыкты. Ага ылайык,

райондун акимдери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору,

санитардык-экологиялык инспекция бул багытта ишти күчөтөт. Коомдук тамактануучу жайлар менен

кошо кафе-ресторандар да катуу көзөмөлгө алынат. Биринчи эреже бузууга айып жана эскертүү берилет.

Бул көрүнүш дагы кайталанса, айып салынып, кылмыш иши козголот. Чектөөлөр

Бишкектеги эпидемиологиялык абал жакшырып, атайын буйрук чыкканга чейин уланат.