Быйыл 7 айда мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалды

Быйыл 7 айда мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалды.

Тагыраагы, январдан июлга чейин бул максатта 21 миллиард 790 миллион сом

багытталды, — деп билдиришти экономика жана каржы министрлигинен. Сумманын

11 миллиард 200 миллион сому тышкы карызга берилди. Салыштырмалуу айта турган болсок,

былтыр ушул эле мөөнөттө мамлекеттик бересеге 18 миллиард сом жумшалган.

Учурда өлкө карызынын жалпы суммасы 5 миллиард долларга жакындап калды.