Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, сумманын 86 пайызы тышкы болсо, калганы ички бересе. Өлкөнүн эң көп карызы Кытайдын Эксимбанкы алдында – 1 миллиард 776 миллион доллар.

 

Кыргызстандын бересеси пандемияга байланыштуу дагы өстү. Сырттан 338 миллион доллар алынды. Анын 269 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз негизде берилген.