«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча башкы подрядчы катары жергиликтүү компания аныкталды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аталган ГЭСти куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, долбоорду каржылоо маселеси да чечилди.
Ага ылайык, жылдарга бөлүү менен 1 миллиард 555 миллион 600 миң сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүндү.
Эске салсак, мындан төрт ай мурун президент тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭС тилкесинде даярдоо иштеринин алгачкы этабына старт берилген.
Анда көпүрө, туннель, жол, көмөк чордон жана вахталык шаарчанын курулушу камтылган.