Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси доллар курсунун жогорулашын алдын алуу үчүн 23 миллион доллар сатты.

 

Белгилеп кетсек, америкалык валютанын серпилүүсү 2 айдан бери байкалууда. Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттап. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып баштаган. Бирок эс алуу күндөрү доллардын куну кайра көтөрүлүп, 84 сом 50 тыйынга жетти.