Москва облусунда көпүрө кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Россиянын Тергөө комитетинен билдиришкендей, тиешелүү чечим алдын ала текшерүү
иш-чараларынын натыйжасында кабыл алынды. Жакынкы аралыкта, борбордук аппараттын
криминалисттери окуя болгон жерди текшерет. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын
массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыгат. Эске салсак, 27-сентябрда Москва облусунун
Ступин шаарындагы логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап,
51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор.
Каза тапкандар катталган жок.