Каракол – Эңилчек унаа жолунда таш кулап, жолду жаап калды.
Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, таш унаа жолдун 134-чакырымында кулаган.
Таш көчкүнүн узундугу болжол менен 40 метрден ашат.
Учурда жолду ачуу иштери жүрүүдө.