Ош шаарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды.

Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.

Ал 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы мечиттердин биринде имам-хатиби болуп эмгектенип келген.