Улуттук банк акча которууларды текшерүүнү күчөтүүнү көздөөдө

Улуттук банк акча которууларды текшерүүнү күчөтүүнү көздөөдө.

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты.

Документте бир нече сунуштар бар.

Тактап айтканда, кардар 70 миң сом же андан ашык акча которууну көздөсө, анда текшерүүнүн алкагында ал атайын анкета толтуруусу керек болот.

Ошондой эле, эгерде жөнөтүүчү же алуучунун репутациясы начар болсо, банктар акча каражаттарын которуудан же алуудан баш тартышы мүмкүн.

Улуттук банк бул долбоор террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүүгө жардам берерин белгилейт.