«Сосновка» көзөмөл өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык

«Сосновка» көзөмөл өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, туруксуз аба ырайына байланыштуу кечээ аталган жерде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген.

Мындан тышкары, түндүк-түштүк унаа жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги 195-254-чакырымында таштарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын тыгын жаратпоо үчүн ашуу тилкелеринен өтпөө сунушталат.

Ошондой эле кар көчкү түшүү ыктымалдыгы бар, андыктан машинелер ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.