Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 15-мартка чейин Бишкек – Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Казарман — Актал-Чат жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Андыктан, айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.