Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы Норвегияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында медалдык зачетте бешинчи орунга чыкты. Биздин спортчулардын эсебинде 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медалдар бар.
Бүгүн капчык дагы бир медаль менен толукталат – Мээрим Жуманазарова биринчи орун үчүн беттешет. Кошумчаласак, бизден алдыда АКШ, Иран, Россия жана Япония келе жатат.