Турмуш басылмасы билдиргендей, аймакта быйыл алма жана алмурутка болгон
баа жылдагыдан жогору. Алсак, былтыр алманын килограммы 15-20 сомдон сатылса,
быйыл 25-30 сомго жетти. Ал эми алмурут 40 сомдон жогору. Жергиликтүү багбандар
баалардын өскөнүнө кубанышууда. Айыл-чарба министрлигинен белгилешкендей,
райондун көпчүлук тургундары багбанчылык жана дыйканчылык менен алектенет.
Жети-Өгүздүн алма жана алмуруттары негизинен Казакстан жана Россияга экспорттолот.