Ушул айдын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан
чартердик каттамдар уюштурулат. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей,
учурда Оренбургдагы Россия-Казакстан чек арасында кайрадан 500дөй кыргызтандыктар
топтолуп турат. Өкмөттөн белгилешкендей, чет өлкөдөгү жарандарды алып келүү
Тышкы иштер министрлиги тарабынан гана жүргүзүлөт. Уюштурула турган каттамдар
тууралуу так маалыматты элчилик, консулдуктардан гана алуу сунушталат.