Жалал-Абадда 150 орундуу типтүү бала бакча курулууда

Жалал-Абадда 150 орундуу типтүү бала бакча курулууда. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын аянты 48 сотыхты түзүп, эки кабаттуу болот.

 

Курулуштун сметалык баасы 97 миллион сомду түзөт. Объект республикалык бюджеттен каржыланууда.

 

Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 26 муниципалдык бала бакча бар.