Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу адаттагыдай эле 3 этап менен жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу адаттагыдай эле 3 этап менен жүргүзүлөт. novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, биринчиси 12-июлдан 17-июлга чейин өтөт.

 

Экинчи этап – 19-23-июль, ал эми үчүнчүсү 26сынан 31-июлга чейин. Эске салсак, бардык процедура “Абитуриент Онлайн” сайтында жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөр документтерин Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде тапшырат.