Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муктаждарга 4 тоннадан ашуун азык-түлүк бөлдү.
Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн азык-түлүк ун, кумшекер, күрүч, туз, чай, макарон, өсүмдүк майы, томат пастасы, тез даярдалуучу кесме жана таттуулардан турат.
Азык-түлүк кайрымдуулук фонддору тарабынан муктаж үй-бүлөлөргө таратылат.