Бүгүн Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт.
Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 10дон күндүзгү 3кө чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уюштурулат.
Жумуш издегендер бул жерден компаниялардагы бош орундар менен таанышып, кеп-кеңеш ала алышат.
Андан тышкары, өз кызматтары тууралуу окутуу борборлору дагы айтып берет.
Жалпысынан жарманкеге 50дөн ашык компания катышат.