Өкмөт мигранттарды алып келүүнүн бардык жолдорун караштырып жатат

2311260

Өкмөт мигранттарды алып келүүнүн бардык жолдорун караштырып жатат.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов билдиргендей,

Новосибирсктен кыргызстандыктарды алып келүүгө сүйлөшүлгөн

учак акыркы сааттарда экипажы макулдук бербей, учпай калды.

Усть-Каменогорскиге атайын автобус жиберилген. Бирок Илецкиге

жыйылган мекендештерди өткөрүүгө Казакстандын бийлиги уруксат берген жок.

Расмий маалыматтар боюнча учурда төрт жарым миңдей кыргыз жараны

чет өлкөлөрдөн келе албай жатат. Алардын ичинде басымдуу

бөлүгү Россиядан, 400дөй жаран Түркияда кармалууда.