Кочкор районунун Ак-Кыя айылында жаңы мектеп каалгаларын ачты

Кочкор районунун Ак-Кыя айылында жаңы мектеп каалгаларын ачты. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү мекемеси 150 окуучуга чакталат.

 

Курулушу дээрлик 8 жылга созулган мектепке республикалык бюджеттен 52 миллион сом бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, Ак-Кыя айылындагы буга чейинки мектеп жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген.