Кыргызстанда дагы 164 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 164 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 94, Чүйдө 44, Ошто 10, Таласта 1, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 3, Баткенде 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 87 миң 554 адам коронавирусту жеңди.